21 жашка чейинки футболчулардан түзүлгөн Кыргызстан жаштар курама командасы Катардагы машыгуу сборун аяктап, “Шериктештик кубогу-2014” мелдеши өтө турган Орусияга учуп кетишти. Бул тууралуу КРнын Футбол федерациясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Анарбек Ормомбеков машыктыруучулук кылган курама команда Катарда 11-23-январь аралыгында болду. “Шериктештик кубогу-2014” мелдеши эртең, 24-январда башталат.