Өлкө аймагынан акиташ-ракушечникти ташып чыгууга убактылуу тыюу салынды. Бул тууралуу 2-мартта Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Кыргызстанда өндүрүлгөн же казып алынган иштетилбеген же одоно майдаланган, башка ыкма менен тик бурчтуу, чарчы формадагы блокторго же такталарга бөлүнгөн акиташ-ракушечникти (ЕАЭБ ТЭИ ТН 2515 11 000 0 жана 2515 12 000 0 коддору менен классификациялануучу) Кыргызстандан Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагынан тышкары ташып чыгууга 6 айлык мөөнөткө убактылуу тыюу салынды.
Тиешелүү чечимге өкмөт башчы Адылбек Касымалиев кол койду.