Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, Жалал-Абад облусунун аймагында 2-мартта, саат 18:44тө жер титирөө катталды.
Анын очогу Көк-Бел айылынан 3 чакырым түштүк-батышта, Кетмен-Төбө айылынан 17 чакырым түштүк-батышта, Кара-Көл шаарынан 20 чакырым түндүк-чыгышта, Токтогул районунан 22 чакырым түштүктө жайгашкан.
Жер титирөө Көк-Бел айылында 3,5 баллга жакын, Кара-Көл шаарында, Кетмен-Төбө айылында 3 баллга жеткен.