Биз социалдык тармакта

"Ар облуска эле Ак үй кура берсек..." Манастын мэри калаага курулган хан сарай боюнча комментарий берди

Манас шаарынын мэри Абдупата Маткаликов шаарга курулган административдик имараттын ордуна фабрика курулса жакшы болмок деген пикирин айтты.

Ал пабликтердин бирине маек куруп жатып айткандай, эл жумуш менен камсыз болбой жатканда андай чоң имаратка муктаждык жок болчу.

"Курулган имараттын ордуна 5-10 миң адам иштей турган фабрикаларды салса болмок" дечүмүн. Анан өзүм иштеп калдым. Себеби, ичим ачышты да. Элибиз тентип жүрсө, бизге бүгүнкү күндө андай чоң имараттын кереги жок эле да",- деди мэр.

Маткаликов Бишкекке курулган Ак үйгө карата "орундуу болгон" деген пикирин айтып, "дүйнөлүк меймандар келишет, ал биздин баркыбыз. Анан ар облуска эле ошондой Ак үй кура берсек, анда биздин тентиген кыргыз мекенине качан кайтат?" деди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан