Манас шаарынын мэри Абдупата Маткаликов пиардан алыс экенин айтып, аны "арам" деп атады.
"Мен пиар кылбайм. Пиар деген ал арам. Бирөөнү алдабаш керек. Колуңдан келеби, жардам бер. Мен колумдан келишинче инвесторлорду тартып, элди жумуш менен камсыз кылганга аракет кылам. Себеби, биздин эл тентип жүрөт",- деди ал пабликтердин бирине берген маегинде.