Бишкек-Чалдыбар унаа жолунда мыйзамсыз күйүүчү май саткан жарандарга 3 миң сомдон айып пул салынды. Бул тууралуу Чүйдүн Жол милициясы 3-мартта билдирди.
Белгилүү болгондой, жарандардан алынган 1000 литр күйүүчү май тиешелүү мекемелерге өткөрүлүп берилди.
Ал эми уруксаты жок кооптуу жүк ташыган үч жаранга ар бирине 15 000 миң сомдон айып салынды.