Биз социалдык тармакта

Бишкекте жаңы маданий борбордун пайдубалына капсула салынды

Бүгүн, 3-мартта Бишкек шаарында жаңы көп функционалдуу маданий борбордун пайдубалына капсула салынды. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен бидиришти.
Маалыматка ылайык, аземге маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев, шаар мэри Айбек Жунушалиев катышты. "Жаңы борбор театралдык коюуларга, концерттерге, кино көрсөтүүлөргө, жаштар демилгелерине жана билим берүү программаларына кеңири аянтча болуп, чыгармачылыктын, диалогдун жана креативдүү индустриянын өнүгүүсүнө өбөлгө түзгөн маанилүү мейкиндикке айланат",- деди министр.
Аталган борбордун курулушу шаар мэриясынын колдоосу менен ишке ашырылууда.
Белгилей кетсек, “Чатыр-Көл” кинотеатрынын эски имараты 2009-жылы министрликтин карамагында турган “Учур” мамлекеттик жаштар театрынын имараты катары бекитилген, бирок 2025-жылы авариялык абалда деп табылып, бузууга чечим чыгарылган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан