Эртең, 4-мартта республиканын көпчүлүк аймактарында жамгыр, ал эми бийик тоолуу аймактарда кар жаайт. Бул тууралуу синоптиктер кабарлашат.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы төмөндөгүдөй болот:
- Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -1... +4, күндүз +5... +10;
- Талас жергесинде түнкүсүн -2... +3, күндүз +7... +14;
- Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +2... +7, күндүз +11... +16;
- Нарын аймагында түнкүсүн -2.. -7, күндүз +1.. +6;
- Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -3... +2, күндүз +3... +8;
- Бишкек шаарында түнкүсүн +1... +3, күндүз +8... +10 градус.