Денис Лебедев менен Гильермо Жонс экинчи ирет беттешет

WBA версиясы боюнча 90,7 килограмм салмактагы Дүйнө чемпиону, орусиялык Денис Лебедев менен панамалык мушкер Гильермо Жонстун ортосунда экинчи беттеш үстүбүздөгү жылдын апрель айында өтөт. Бул тууралуу бүгүн, 23-январда орусиялык басылмалар кабарлашты.

Маалыматка ылайык, беттеш өтө турган күн жана жай 1 аптанын ичинде белгилүү болот.

Эске салсак, бул эки мушкердин ортосундагы беттеш өткөн жылы май айында өткөн. Анда Жонс 11-раундда техникалык нокаут менен жеңишке жетишкен. Көп өтпөй, анын канында допинг табылып, чемпиондук наам Лебедевге кайтарылган. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
hakker
2014-02-06 20:51:46
Допинг бар учун уруп журуп нокаут кыла албай койгон.Эми коробуз кандай болорун.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан