Бүгүн, 3-мартта белгилүү балбан Айсулуу Тыныбекова менен анын жолдошу Бакберген Аттокуров жаңы төрөлгөн уулун төрөт үйүнөн чыгарды. Бул тууралуу алардын жакындары социалдык тармактагы баракчаларынан билдирип, видео жарыялашты.
Алардын кубанычын бөлүшүп, төрөт үйүнө жакындары, санаалаштары белектери менен барышты. Айсулуу Тыныбекова уулунун атын Али койгону белгилүү болду.
Эскерте кетсек, кыргыздын белгилүү балбан кызы 1-мартта көз жарган.