Биз социалдык тармакта

Билим тармагындагы маселелер студенттер менен бирге каралды

Жогорку Кеңештин депутаты Медер Чотонов Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин академиялык мобилдүүлүк программасынын алкагында Талас жана Нарын облустарынан келген студенттер менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, анда билим берүү тармагындагы актуалдуу маселелер талкууланып, аймактык студенттердин мүмкүнчүлүктөрү жана окуу шарттары тууралуу пикир алышуу болду.

Эл өкүлү мамлекеттин келечеги билимдүү жаштардын колунда экенин белгилеп, жаштардын демилгелерин колдоого жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга көмөк көрсөтүүгө даяр экенин билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан