Биз социалдык тармакта

Ошто Сүйүнбаев жана Атабаев көчөлөрүндөгү көпүрө кайрадан курулууда

Ош шаарында көчөлөрдү кеңейтүү жана жол инфраструктурасын жакшыртуу иштери алкагында Сүйүнбаев жана Атабаев көчөлөрүнүн кесилишиндеги эски көпүрөнү демонтаждоо жана жаңы көпүрөнү куруу иштери жүрүүдө. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, учурда керектүү техникалар тартылып, курулуш адистердин көзөмөлүндө жүргүзүлүүдө.

Жаңы көпүрөнүн узундугу 12,5 метр, кенендиги 21,5 метрди түзөт. Иштер 12-февралда башталып, ыкчам жана сапаттуу бүткөрүү максатында жүргүзүлүүдө.

Быйыл аталган көчөлөр толук капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, заман талабына жооп берген төрт тилкелүү жолго айлантылат. Бул аймактагы башка көпүрөлөр да кеңейтүүлөргө алынууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан