Биз социалдык тармакта

Чүй облусунда туманга байланыштуу айдоочуларга эскертүү берилди

Аба ырайынын кескин өзгөрүшүнө байланыштуу Чүй облусунун аймагында калың туман түшүп, жолдордо көрүү аралыгы кескин төмөндөдү. Мындай шартта жол кырсыктарынын алдын алуу максатында облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы айдоочуларга кайрылуу жасады.

Башкармалык айдоочуларды жол эрежелерин так сактоого, ылдамдыкты төмөндөтүүгө жана унаалардын ортосундагы аралыкты кармоого чакырат. Ошондой эле каршы тилкеге чыкпоого, ашып өтүү маневрларын жасабоого жана туманга каршы жарыктарды колдонууга кеңеш берди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан