Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев Бишкек шаарында кайыр сураган жашы жете элек балдардын келечегине тынчсызданды. Эл өкүлү парламенттин 4-марттагы жыйынында кайыр сураган балдардын жагдайына изилдөө жүргүзүү керектигин айтты.
"Кайыр сурап турган кичинекей балдарга эмнеге милиция, социалдык кызматтын кызматкерлери көңүл бурбайт? Бир жолу мечиттин жанында кичинекей балдарды кармап, милиция чакырдым. Жашы жете элек бөлүмдүн инспекторлору келишти. Алар ийне-жибине чейин караган жок",- дейт депутат.
Эл өкүлү ошондой эле жарандар кайыр суроону заман талабына ылайыктап алгандарын айтып, муну текшерүү зарылдыгын белгиледи.
"Кичинекей балдар заманбап кайырчы болуп калышты да. QR-кодду чыгарышып, керек болсо жакшы ыйлап. Муну бирөө үйрөттү да. Туурабы? Кичинекей 7 жаштагы бала QR-кодду чыгара албайт да. Бирөө жоопкерчиликке тартылышы керек. Бирок алардын жагдайына изилдөө болушу зарыл",- деп ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетовго кайрылды.