Бүгүн, 23-январда парламенттин жыйынында КРнын Вице-премьер-министри Токон Мамытов “2013-жылы жол кырсыгынан каза болгон жаш балдардын саны 20 пайызга өстү” деп билдирди. Анын айтымында, өткөн жылы жол-транспорт кырсыгынан каза болгондордун саны жалпысынан 13 пайызга, ал эми жаракат алгандардын саны 25 пайызга өскөн.
“Жаш балдар арасында жаракат алгандардын көрсөткүчү 25 пайызга өссө, өлүм былтыркыга салыштырмалуу 20 пайызга көп болгон. Жолдордогу шарттын начардыгынан эле 2013-жылы 244 кырсык катталып, анда 81 адам набыт болсо, 41и жаракат алган”,- деди Мамытов.