Биз социалдык тармакта

ТИМ башчысы Кулубаев бахрейндик кесиптеши менен телефондо сүйлөштү

Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Бахрейндин тышкы иштер министри Абдуллатиф бин Рашидом Аль Заяни менен телефондо сүйлөштү. Бул тууралуу министрлик билдирүү таратты.

Маектин жүрүшүндө Кулубаев президенти Садыр Жапаровдун атынан Жакынкы Чыгыштагы чыңалуунун күчөшүнө байланыштуу, анын ичинде Бахрейндин аймагына да таасирин тийгизген жагдайга байланыштуу боордош бахрейн элине чын жүрөктөн тилектештигин билдирди.

Тараптар кырдаалдын жакын арада турукташуусуна, саясий-дипломатиялык диалогдун кайра жанданышына жана аймакта тынчтыкты жана туруктуулукту калыбына келтирүүгө багытталган конкреттүү чаралардын кабыл алынышына үмүт билдиришти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан