Саламаттык сактоо министринин биринчи орун басары болуп Тилек Мамадалиев дайындалды. Кечээ, 4-мартта аны кесиптештерине президенттин администрациясынын тармактык саясат бөлүмүнүн башкы эксперти Элден Калчакеев тааныштырганын министрликтин басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, тиешелүү тескемеге Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.