Каракол шаарынын мэри Рыскул Калыгуловдун үстүнөн кылмыш иши козголду

Ысык-Көл облусунун прокуратурасы Каракол шаарынын мэри Рыскул Калыгуловдун үстүнөн кылмыш ишин козгоду.

Маалыматка караганда, Калыгулов “Нур” ЖЧКнын башчысы болуп турганда, күрөө камагында турган тегирмен жана анын жабдыктарын А.Майрыковго мыйзамсыз берген. Анын натыйжасында Социалдык фонд 3 миллион 952 миң сом зыян тарткан. Учурда КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 166 (алдамчылык), 335 (камак салууга алынган мүлккө карата мыйзамсыз аракеттер) беренелери боюнча кылмыш иши козголгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Akshumkar
2014-01-23 18:01:35
мындай жемкорлорду жоготуш керек
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан