Казыбек Молдажиев Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору кызматынан бошотулду.
Маалыматка ылайык, тиешелүү жарлыкка Садыр Жапаров кол койгонун президенттик администрациянын басма сөз кызматы билдирди.
Чечим Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 5-пунктуна жана 71-беренесине ылайык кабыл алынган.