Бүгүн, 6-мартта Бишкек-Ош жолундагы "Сосновка" постундагы оор жүк ташуучу унааларга коюлган чектөө алынды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Эскерте кетсек, аба ырайынын катаал өзгөрүшүнө байланыштуу кечээ, 5-мартта саат 23:00дөн тарта чектөө башталган. Ашуулардагы жолго кум-туз аралашмасы себилүүдө.