КРнын Жогорку Сотунун алдындагы Сот департаментиндеги мамлекеттик сатып алууларда мыйзам бузуу фактылары аныкталды. Бул туурасында УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, аталган департаменттин кызматкерлери кеңсе буюмдарын сатып алууда мамлекетке 6 миллион сомдон ашык зыян алып келген. Учурда бул факты боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 304 (Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу), 306 (Кыргыз Республикасынын кызыкчылыктарына каршы контракт түзүү, мамлекеттик сатып алууну жүзөгө ашыруу) беренелери боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.