АКШ президенти Дональд Трамп Украинадагы жаңжалды жөнгө салууга Украинанын лидери Владимир Зеленский тоскоол болуп жатканын билдирди. Бул тууралуу америкалык басылмаларга таянуу менен Орусиянын РИА новости басылмасы жазды.
"Жаңжалды токтотууга Зеленскийдин тоскоол болуп жатканы акылга сыйбаган нерсе",- деген Трамп.
Ошондой эле АКШнын лидери Зеленский Украинадагы жаңжалды жөнгө салуу боюнча макулдашууга жетиштүү убакыт берилгенин белгилеген.