Вебкам студиялардын негиздөөчүсү аталган Даниэл Ажиевдин апасынын Садыр Жапаровдон ырайым сураган видеосу жарыяланды. Аны президенттин маалымат катчысы Аскат Алагөзов фейсбуктагы баракчасына жайгаштырды.
Айтымында, Ажиевдин апасы президентке баласына ырайым кылуу өтүнүчү менен январь айынын башында кайрылган.
"Соцтармакта “Кантип эле президенттин жеке WhatsApp номерине кайрылсын” деген өңдүү күмөн саноолор болуп жаткандыктан төмөндө Ажиевдин апасынын видео кайрылуусун жана ал салган телефон номердин сүрөтүн жүктөйм",- деп жазган Алагөзов.
Белгилей кетсек, өлкө башчысы ага 18-февралда ырайым берип, ал абактан бошотулган. Бүгүн, 6-мартта өлкө башчысы Ажиевдин айланасында чоң талкуу болуп жаткан кептерге комментарий
берген.