
Түндүк-Түштүк альтернативдик автожолунун Арал - Казарман участогунун 243-296-чакырым аралыгында тоо бетинен түшкɵн таштарды тазалоо иштери активдүү жүрүүдɵ. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Тазалоо иштери №18 Жол тейлөө ишканасы тарабынан уланууда. Учурда бир тараптуу каттам бар.
Аба ырайынын кескин ɵзгɵрүшүнɵн улам Ош - Сары - Таш - Эркечтам автожолунун 103-чакырымында тоо бетинен чоң кɵлɵмдɵгү таштар кулаган. Жеринде техниканын жардамы менен тазалоо иштери жүрүүдɵ.