
Бүгүн, 6-мартта Ош шаарында үч эм төрөлгөн үй-бүлөгө мэриядан 50 миң сом тапшырылды. Бул тууралуу мэриянын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.
Маалыматка ылайык, шаар мэринин орун басары Масуда Айдарбекова үч эм төрөгөн Мавлюда Бердигуловадан кабар алды. Ошондой эле шаар башчысы Жанарбек Акаевдин атынан 50 миң сом сертификат жана наристелерге белектерди тапшырды.
Белгилей кетсек, наристелер 20-февралда Ош облустук төрөт үйүндө жарык дүйнөгө келишкен. Бүгүнкү күндө эненин жана ымыркайлардын абалы жакшы.