"Ак-Тилек" товарларды эсепке алуу пунктунда мөөнөтү өтүп кеткен жана эсепке алынбаган кондитердик азыктарды ташыган жүк ташуучу унаа аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 6-мартта Салык кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, текшерүүнүн жүрүшүндө аныкталган продукциянын бир бөлүгү белгиленген тартипте эсепке алынбаганы, калган бир бөлүгүнүн жарактуулук мөөнөтү өтүп кеткени белгилүү болду. Табылган продукциянын жалпы салмагы болжол менен 10 тоннаны түздү.
Бул факт боюнча материалдар укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилди. Соттун чечимине ылайык мөөнөтү өтүп кеткен азыктар, таштандыларды кайра иштетүүчү заводдун аймагында өрттөлдү.