Чыңгыз Бапаев Ош облусунун Кара-Суу районунун акими болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, ал 1984-жылдын 4-октябрында Ысык-Көл облусундагы Пржевальск шаарында (азыркы Каракол) төрөлгөн.
Жогорку экономикалык билимге ээ. 2006-жылы Ысык-Көл мамлекеттик университетин финансы жана кредит адистиги боюнча аяктаган.