Президент Садыр Жапаров бүгүн, 6-март күнү Имам Сарахси атындагы борбордук мечитте ооз ачыруу иш-чарасын уюштурду. Бул тууралуу видео социалдык тармактарга тарады.
Иш-чара учурунда президент катышуучуларга каалоо-тилектерин айтып, кийинки орозо айына чейин бекем ден соолукта болууларын каалады.