Биз социалдык тармакта

Бишкекте мамлекеттик бажы кызматтын имаратынан өрт чыкты

Бишкек шаарында Байтик баатыр көчөсүндө жайгашкан Мамлекеттик бажы кызматынын имаратынан өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.

Маалыматка ылайык, өрттү өчүрүү үчүн саат 19:39да эки өрт өчүрүү бригадасы тартылган.

"Бишкек шаарында кечке маал чыккан өрт саат 20:42де чектөөгө алынды. Учурда өрттү толук өчүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Бактыга жараша, жабыркагандар жок. Алдын ала маалымат боюнча, көп кабаттуу имараттан чыккан өрт кырсыгына 4 күжүрмөн эсеп, 2 автошаты жана штаб тартылган", - деп жазылат маалыматта.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан