Биз социалдык тармакта

Ливандын түштүгүндө Израилдин соккусунан тогуз адам каза болду

Ливандын түштүгүндөгү Мадждальселем конушунда турак жайга жасалган Израилдин аба соккусунан тогуз адам каза болду. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги жергиликтүү муниципалитеттеги булагына таянып кабарлады.

Маалыматка караганда, ракета жеке турак үйгө түшкөн. Натыйжада тогуз адамдын өмүрү кыйылып, алардын көпчүлүгүн балдар жана айылдан чыгып кетүүгө мүмкүнчүлүгү болбогон аялдар түзгөн.

Азырынча окуя боюнча расмий тараптардан кошумча маалымат берилген эмес.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан