Биз социалдык тармакта

Италияда Паралимпиада оюндары башталды

Италиянын Милан жана Кортина-д'Ампеццо шаарларында XIV Кышкы Паралимпиада оюндары башталды. Бул туурасында чет элдик басылмалар жазышты.

Иш-чаранын ачылыш аземи Верона шаарындагы тарыхый аренада — 12 миң көрүүчүгө ылайыкталган байыркы рим амфитеатры «Арена ди Веронада» өттү.

Ага ылайык, мелдештер үч негизги жерде: Милан (муз үстүндөгү спорт түрлөрү), Кортина-д’Ампеццо (тоо лыжасы, сноуборд, арабадагы керлинг) жана Валь-ди-Фьемме (лыжа жана биатлон дисциплиналары) өткөрүлөт.

Паралимпиада 10 күнгө созулуп, 15-мартта аяктайт.
Мелдешке 55 өлкөдөн 611 спортчу катышып, анда спорттун алты түрү боюнча 79 медаль ойнотулат.

Белгилей өтсөк, Ирандын курама командасы 2026-жылкы Паралимпиадага катышуудан баш тартканы белгилүү болду. Иранга каршы аскердик операция башталгандан кийин аймактын аба мейкиндиги жабылган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан