Биз социалдык тармакта

Катарда круиздик лайнерде калган кыргызстандыктар жолго чыкты (видео)

Катар мамлекетинде круиздик лайнерде калып калган кыргызстандыктар Дохадан Сауд Араб королдугуна жолго чыкты. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов билдирди.
Айтымында, 134 жаран автобустар менен Эр-Риядга келип, ал жактан Бишкекке учушат.
"Уюштуруу, чек аралардан жарандарды алып өтүүнү сүйлөшүү иштери менен бул өлкөлөрдөгү элчиликтерибиз, Тышкы иштер министрлиги жүргүзүүдө. Дохадан чыккан жарандар Эр-Рияддан учак менен Кыргызстанга 8-март күнү кечинде келери күтүлүүдө", - деди Алагөзов.
Буга чейин Бириккен Араб Эмираттарынан атайын эки рейс учак менен 260 кыргызстандык мекенине алынып келген.
Эске салсак, президент Садыр Жапаров Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүндөгү акыркы кырдаалдан улам ал жакта калып калган мекендештерди Кыргызстанга алып келүү тапшырмасын берген.
Катарда круиздик лайнерде калган кыргызстандыктар Дохадан Сауд Араб королдугуна жолго чыкты
Катардагы кыргызстандыктар жолго чыкты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан