12 мартта Бишкектин айрым аймактарында ичүүчү суу өчүрүлөт. Бул тууралуу 9-мартта мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 9:00дөн 18:00гө Достоевский көчөсү - Анкара көчөсү - Ауэзов көчөсү – темир жол менен чектешкен аймакта, ошондой эле Алтын Ордо, Кара-Жыгач жана Полиция шаарчасында ичүүчү суу берүү токтотулат.
Чектөө "Контррезервуар" суу топтомосунда жана шаардык суу түтүк тармактарында оңдоо иштерине байланыштуу киргизилүүдө.