7-мартта ирандык Tasnim маалымат агенттиги Telegram-каналына Минабе шаарында мектепке жасалган соккудан каза болгон окуучулардын сүрөтүн
жарыялады.
Сүрөттө ракеталык соккудан каза болгон 119 окуучунун сүрөттөрү чагылдырылган.
"Минабедеги мектептеги каза болгон бардык окуучулар бир кадрда",- деп жазылган маалыматта.
Белгилей кетсек, 2-мартта Ирандын түштүгүндө жайгашкан Шаджаре Тайебе аттуу кыздар мектебине АКШ жана Израил тарабынан сокку урулганы маалымдалган.
Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчинин айтымында, соккудан каза тапкан окуучулардын саны кеминде 171 адамга жеткен. Ошондой эле, Tasnim агенттиги кеминде 14 мугалим жана мектептин кызматкерлери каза болгонун кабарлаган.