Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин эки орун басары кызматынан бошотулду. Бул тууралуу 9-мартта аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Бектен Бекболотов берген арызына негизинде жана Жаныбек Керималиев кызматтарынан бошотулган.
Ошондой эле Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбековдун сунушу менен Айбек Шаменов министрдин орун басары болуп дайындалды. Ал буга чейин Баткен облусундагы президенттин ыйгарым укуктуу өкүлү болуп иштеп келген.
Тиешелүү тескемелерге министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.