Биз социалдык тармакта

Баткендин мурдагы башчысы айыл чарба министринин орун басары болду

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары Бектен Бекболотов берген арызынын негизинде ээлеген кызматынан бошотулду.

Мекеменин маалыматына ылайык, айыл чарба министри Эрлист Акунбековтун сунушу менен Айбек Шаменов суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары болуп дайындалды.

Тиешелүү буйруктарга министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койгон.

Эскерте кетсек, Айбек Шаменов буга чейин Баткен облусун жетектеп, бир жума мурда кызматынан бошотулган болчу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан