Интернет желесинде Кыргызстанда 19 жылдан бери жашап келе жаткан канадалык жаран тууралуу видео тарады.
Видеодо Стив аттуу жаран кыргыз тилинде эркин сүйлөй аларын айтып, Орусия жана Борбордук Азиядагы көрүүчүлөргө салам жолдоду. Ал ошондой эле коомчулук менен аны хоккей спорту байланыштырып турарын белгиледи.
Социалдык тармактардын колдонуучулары видеону активдүү бөлүшүп, анын кыргыз тилинде сүйлөгөнү көпчүлүктү суктандырып жатканын жазышууда.