Биз социалдык тармакта

Бишкекте бардык таштанды полигондору жабылат

Бишкек шаарында ушул жылы бардык таштанды полигондору жабылат. Бул тууралуу бүгүн, 9-мартта Жогорку Кеңештин комитет жыйынында Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын директорунун орун басары Бекжан Султангазиев билдирди.

Анын айтымында, шаарда бир гана борбордук полигон калат жана ал жерде курулуш калдыктарын топтоо үчүн өзүнчө тилке бөлүнөт. Күйбөй турган бетон жана башка калдыктар үчүн атайын жай каралган.

Бул иш-чара борбор калаанын экологиялык абалын жакшыртууга жана таштандыларды туура башкарууга багытталган. Бишкек мэриясы бардык иштерди быйылкы жыл ичинде бүтүрүүнү пландоодо.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан