
Бүгүн, 9-мартта Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Лю Цзянпин менен жолугушту.
Парламенттин маалыматына ылайык, жолугушууда тараптар парламенттер аралык байланыштарды чыңдоо жана ири инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу маселелерин талкуулашты. Маматалиев өткөн жылы эки өлкө башчыларынын үч жолу жолугушуусу кызматташтыкты жандантканын белгилеп, Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун курулушу башталганын эске салды.
Элчи Лю Цзянпин Маматалиевди төрага болуп шайланышы менен куттуктап, Бүткүл Кытай Эл өкүлдөр жыйынынын Туруктуу комитетинин төрагасы Чжао Лэцзинин саламын жеткирди. Ал Кыргызстандагы реформаларды, өзгөчө парламенттеги санариптештирүү саясатын жогору баалады.
Жолугушууда биргелешкен долбоорлорду илгерилетүү, соода-экономикалык потенциалды толук пайдалануу, келишимдерди ишке ашыруу жана эки элдин достугун бекемдөө маселелерине өзгөчө көңүл бурулду. Тараптар жетишилген макулдашууларды сапаттуу жана өз мөөнөтүндө аткаруу үчүн тыгыз иштешүүгө макулдашышты.