7-февралда старт ала турган “Сочи-2014” Кышкы Олимпиадасында Орусиянын желеги астында 223 спортчу катышат. Бул тууралуу бүгүн, 23-январда орусиялык басылмалар кабарлашты.
Маалыматка ылайык, ал спортчулардын 63 пайызы буга чейин Олимпиада оюндарына катышып көргөн эмес.
Эске салсак, Кыргызстандын атынан бул оюндарга жалгыз гана Дмитрий Трелевский лыжа спорту боюнча катышат.
Кошумчалай кетсек, “Сочи-2014” Олимпиадасында 98 комплект медаль ойнотулат.