Биз социалдык тармакта

Араванда 5 жумушту бир учурда аткарган техника менен картошка эгилүүдө (видео)

Ош облусунун Араван районундагы “Бирлик” үрөн чарбасы 5 жумушту бир учурда аткарган техника менен картошка эгүүдө. Бул тууралуу 9-мартта Айыл чарба министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, бул техника дыйкандардын ишин жеңилдетип, талаа иштерин натыйжалуу жана ыкчам жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк түзөт. Жаңы техниканын негизги өзгөчөлүктөрү:
  • Отоо чөптөргө каршы дары чачып, түшүмдүн сапатын жогорулатат;
  • Картошканы 90 сантиметр аралыкта бир нече жөөктөргө эгет, эффективдүүлүктү жогорулатат;
  • Тамчылатып сугаруу системине ылайык шлангды орнотот, суунун үнөмдөлүшүн камсыздайт;
  • Жер семирткичти себет аркылуу чачып, топурактын жакшыртылышына көмөк көрсөтөт;
  • Полиэтилен пленкасын жаап, топуракты коргойт жана нымдуулукту сактайт.
Министрлик быйыл техника өзүнүн натыйжалуулугун көрсөткөн болсо, келерки жылы башка дыйкандарга да сунушталарын белгиледи.
Араванда 5 жумушту бир учурда аткарган техника менен картошка эгилүүдө
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан