
Казакстандан мыйзамсыз ташылып келе жаткан 8 тоннага чукул курма аныкталды. Бул тууралуу 9-мартта Салык кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Казакстандан келген жүк ташуучу унаалардын бирин текшерүү учурунда эсепке алынбаган товарлар — жалпы салмагы 7 миң 600 килограмм болгон курма жемиши аныкталган.
Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча тиешелүү актылар түзүлдү. Чогултулган материалдардын негизинде камералдык салыктык текшерүүлөр жүргүзүлөт.