Мадриддик “Реал” футболдук клубу "Deloitte" компаниясы тарабынан түзүлгөн “Эң кирешелүү клубдардын” тизмесинде 1-орунду ээледи. Бул тууралуу 23-январда чет элдик маалымат булактары кабарлады.
Маалыматка ылайык, “Реалдын” 2013-жылдагы тапкан кирешесинин жалпы суммасы 518,9 миллион еврону түзөт. Клуб 212 миллион еврону коммерциялык багытта тапса, 188 миллион еврону түз эфирге алып берүү укугун тапшырууда алган.
2013-жылы эң көп киреше 10 футболдук клуб:
1. “Реал” (Испания) – 518,9 миллион евро
2. “Барселона” (Испания) – 482,6 миллион евро
3. “Бавария” – 431,2 миллион евро
4. “Манчестер Юнайтед” (Англия) – 423,8 миллион евро
5. ПСЖ (Франция) – 398,8 миллион евро
6. “Манчестер Сити” (Англия) – 316,2 миллион евро
7. “Челси” (Англия) – 303,4 миллион евро
8. “Арсенал” (Англия) – 284,3 миллион евро
9. “Ювентус” (Италия) – 272,4 миллион евро
10. “Милан” (Италия) – 263,5 миллион евро.