Биз социалдык тармакта

Жарандардын кайрылууларын кароо мөөнөтүн кыскартуу сунушталууда

Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу комитетинин 10-марттагы жыйынында жарандардын кайрылууларын кароонун мөөнөтүн кыскартуу боюнча мыйзам долбоору биринчи окууда каралып, колдоо тапты.

Аталган мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин депутаты Бактыяр Калпаев демилгелеген.

Мыйзам долбооруна ылайык, жарандардын кайрылууларын кароо мөөнөтүн 14 жумуш күнүнөн 10 күнгө чейин кыскартуу сунушталууда.

Анын максаты - мамлекеттик башкаруунун санариптешүү шартында жарандардын кайрылууларын кароонун натыйжалуулугун жана ыкчамдыгын жогорулатуу болуп саналат.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан