Биз социалдык тармакта

Дастан Бекешев мамлекеттик органдар кайрылууларга ChatGPT менен жооп берип жатканын айтты

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев "Түндүк" тиркемесинде мамлекеттик органдар жарандардын кайрылууларына көпчүлүк учурда жооп бербей жатканын айтты.

Ал бүгүн, 10-мартта парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу комитетинин жыйынында мамлекеттик органдар тарабынан айрым электрондук каттарга берилген жооптор түшүнүксүз экенин белгиледи.

"Жоопту түшүнбөйсүң, анан аткаруучуга чалып, "эмнени жазып койдуң?" десең, өзү да түшүнбөйт да. Көбүнчө мамлекеттик органдарда азыр ChatGPT менен жооп жазып жатышат",- деди эл өкүлү.

Дастан Бекешев мамлекеттик органдар кайрылууларга ChatGPT менен жооп берип жатканын айтты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан