Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Конгантиев мандатын тапшыруу боюнча Борбордук шайлоо комиссиясына арыз берди. Бул тууралуу БШКнын расмий сайтында көрсөтүлөт.
Маалыматка ылайык, депутаттын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө өтүнүчү БШКда бүгүн каралат.
Конгантиев №21 округдан депутат болуп шайланган.