Жогорку Кеңештин депутаттык мандатын тапшыруу боюнча Борбордук шайлоо комиссиясына арыз берген Кубанычбек Конгантиевдин ордуна Чыңгыз Айдарбеков депутат болуп келиши ыктымал.
№21 шайлоо округу боюнча Конгантиев 13 379 добуш менен биринчи орунду алып, парламентке депутат болуп шайланган. Айдарбеков аталган округдан 6259 добуш алып, үчүнчү болуп калган.
Айта кетсек, Чыңгыз Айдарбеков Жогорку Кеңештин VII чакырылышында депутат болгон.