Кечээ, 10-мартта Бишкек шаарында профессионалдык бокс боюнча эл аралык мелдештин маалымат жыйын өттү. Иш-чараны "Saikou Lush Boxing Promotions" промоутердик компаниясы уюштурду.
Бокс кечеси 17-19-апрель күндөрү Бишкек шаарындагы "Газпром" спорт комплексинде өтөт. Үч күнгө созулган турнирде Кыргызстандын 13 мушкери дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүнөн келген атаандаштары менен рингге чыгышат.
Кыргызстандык мушкерлердин аттандаштары:
Жеңиш Улпатов - япониялык мушкер Токи Тжису;
Рыспек Бектенов - угандалык Исаак Масамед;
Нуржигит Дюшебаев - япониялык Сейя Мегуро;
Сыргак Абдыжапар уулу - индиялык Акашдееп Синх;
Бекзат Эргешов -таиланддык Кунг Срирупрамат;
Санжай Сейдакматов -япониялык Том Мизокоши;
Алмаз Орозбеков -таиланддык Жара Чуклианг;
Дилмурат Сатыбалдиев - зимбабвелик Чарлес Манучи;
Адилет Качкынбеков - япониялык Шури Ока;
Анарбай Мурзабаев - атаандашы кийин белгиленет
Өмүрбек Бекжигит уулу - индонезиялык Ари Агустиан;
Нурбек Валижонов - япониялык Брандон Тажима Митсуро;
Самат Абдрахманов - атаандашы кийин аныкталат.
Турнирдин негизги беттештери Коста-Риканын мушкери Девид Жименез менен япониялык Аууму Санонун ортосунда өтөт. Алар WBA уюмунун эң жеңил чемпиондук куру үчүн беттешет.
Ошондой эле турнирдин алкагында бир катар дүйнөлүк деңгээлдеги мушкерлер катышкан кармаштар өтөт: Уюштуруучулар белгилегендей, бул турнир Кыргызстанда профессионалдык бокстун деңгээлин көтөрүүгө жана өлкөнү дүйнөлүк бокс аренасында кеңири таанытууга салым кошот.