Биз социалдык тармакта

Камила Талиева Исхак Раззаковдун кызы менен жолугушту (сүрөт)

Депутат Камила Талиева саясий ишмер Исхак Раззаковдун кызы Элмира Раззакова менен жолугушту. Бул тууралуу бүгүн, 10-мартта Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жолугушууда эл өкүлү төрага Марлен Маматалиевдин атынан жардам катары 200 миң сом тапшырган.

"Исхак Раззаков Кыргызстандын өнүгүшүнө жана кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн калыптанышына зор салымын кошкон белгилүү мамлекеттик жана саясий ишмер. Анын өмүр жолу ар бир кыргызстандыкка, айрыкча мамлекеттик жана саясий иштерде эмгектенип жаткан жарандарга үлгү. Улуу инсандын урпагы саналган сиздей эжелерибиз менен сыймыктанабыз", - деген Талиева.

Ошондой эле Жогорку Кеңештин депутаттары дайыма колдоо көрсөтүп, жардам берүүгө даяр экенин кошумчалаган.

Өз кезегинде Элмира Раззакова учурда ден соолугу жакшы экенин айтып, төрага баштаган Жогорку Кеңештин депутаттарына ыраазычылыгын билдирип өткөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан