Бүгүн, 10-мартта Жогорку Кеңештин Сот-укук маселелери, укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча комитетинин жыйынында депутат Медер Алиев демилгечи болгон баңгизатка байланыштуу мыйзам долбоору каралды.
Отурумда Алиев менен кесиптеши Улукбек Карыбек улуунун ортосунда түшүнбөстүк жаралып, кайым айтышуу болду. Мындан улам Карыбек уулу маселе боюнча Башкы прокуратура жана Конституциялык сотко чейин кайрыларын айтты.
"Төрагалык кылуучу менин өзгөчө пикиримди тиркеп коюңуз. Мен бул боюнча жалпы жыйында өзүмдүн түшүндүрмөмдү билдирем. Эгерде бул мыйзам долбоору комитеттен жана жалпы жыйындан өтсө, анда мен бул маселени Башкы прокуратурага жана Конституциялык сотко алып барам", - деди ал.
Бул билдирүүдөн кийин Алиев аны сынга алып, эл өкүлдөрү уруша кетишти.